Коом
Кыргызстанда экономика көтөрүлүп, мигранттар өлкөгө кайтып жатканын айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда экономика көтөрүлүп, чет өлкөдө жүргөн эмгек миграттары өлкөгө кайта баштаганын айтты.
Бул тууралуу ал 22-майда Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди. Акылбек Жапаров ушул тапта курулуш, тигүү тармагына жумушчулар жетишпей жатканын кошумчалады.
“Быйыл 100 ишкананы ачалы деп турабыз. Ошонун алкагында сыртта кара жумуш жасап жүргөн мигранттарды саны эки эсеге азайды. Жалал-Абадда Ипотекалык компания менен 12ден ашык үй куруп жатабыз. Ал жактагы ата-энелер Москвада жана башка жерлерде иштеп жүргөн балдарын чакырып, алар келип иштеп жатат. Тигүү цехтерине да кайра келе башташты. Анткени экономика көтөрүлдү”, — деди ал.



