Окуялар

УКМК: Сирияда эл аралык террористтик даярдыктан өткөн кыргыз жараны радикалдуу көз караштан баш тартты – ВИДЕО

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу — иш-чаралардын алкагында, абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барылууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, Баткен облусунун 1967-жылы туулган К.А.Г. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартканын билдирди.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адам тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.

Учурда КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда, -деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button