Коом

Айылдаштарын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Ал жер тилкелерин убадалап, Кара-Суу районунун жашоочуларын алдап кеткен.


Жабырлануучунун сөзү боюнча, өткөн жылы чала тааныш адам “жер тилкесин берем” деп, андан 250 000 сомду алдап алган. Андан соң шектүү убадасын аткарбай, жерди же акчасын кайтарып берген эмес.
Ушундай арыз менен, милицияга дагы бир аял киши кайрылган. Анын сөзү боюнча шектүү андан жер тилкеси үчүн 180 000 сом акчасын алган.


Эки арыздануучу тең ага карата мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон.
2023-жылдын 14-ноябрында кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча кызматкерлери жүргүзүшкөн. Шектүү Кара-Суу районунун жашоочусу 1983-жылы туулган М.К. Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө статуска ээ.


Кармалган жаран Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button