УКМК: Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

2023-жылдын 28-февралында КР УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келип түшкөн билдирүүгө ылайык, 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын жумушчусу Б.А.С. кармалды.
Белгилей кетсек, Б.А.С. буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин “АКНК” (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.
Б.А.С. узак убакыт бою А.А.А. аттуу жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн, узак убакыттан бери коркутуп-үркүтүп жана шантаж жолу менен акча талап кылып жүргөн.
Б.А.С. кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду.
Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.



