
Мамлекет башчы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты.
Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, азыркы ипподромду бузуу маселесин кароону тапшырган.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев анын ордуна курула турган үйлөр калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилерин кошумчалады.
Аталган ат майдан 1947-жылы курулган. Ал өлкөдөгү ат оюндары өткөн эң ири аянттардын бири. 2020-жылы объект авариялык абалда экендиги маалымдалып, бийлик анын ордуна жаңы ат майдан куруу үчүн инвестор издеп баштаган.
@user2



