Саясат

ЖК комитети БШКнын курамын кыскартууну колдоду

Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери — бир катар депутаттар.

Документке ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылат. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин оптималдаштыруу максатында жасалууда.

Демилгечилер белгилешкендей, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, коллегиалдык органдын мүчөлөрүнүн көп болушу дайыма эле иштин натыйжалуулугун жана чечим кабыл алуунун ылдамдыгын камсыздай бербейт. Мүчөлөрдүн санын кыскартуу башкаруу процесстерин жөнөкөйлөтүп, республикалык бюджетке болгон чыгымдарды азайтат (эмгек акы, материалдык камсыздоо, социалдык кепилдиктер) жана ар бир мүчөнүн кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилигин жогорулатат. Сунушталган сан коллегиалдуулук менен башкаруунун натыйжалуулугунун ортосундагы оптималдуу тең салмакты камсыздайт.

Ал эми шайлоо комиссиясы буга чейин мүчөлөрдүн санынын кыскарышы мекеменин ишине терс таасирин тийгизбесин билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button