Окуялар

Жалал-Абадда жоокерди өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү фактысы боюнча шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда жоокерди өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар Аскер прокуратурасына шилтеме берүү менен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») боюнча козголгон. Шектүү катары 2006-жылы туулган аскер М.М. кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аскер прокуратурасынан билдиришкендей, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Ошондой эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана коштоп жүрүү департаментинин жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берилет. Тергөө органдары башка адамдардын мүмкүн болгон катыштыгын да аныктоодо.

Эске салсак, 5-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинде 18 жаштагы аскер каза болгон абалда табылган. Ал ЖАМКнын күзөт жана коштоп жүрүү департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 15:25 чамасында жоокер кызматтык куралынан өзүнө ок чыгарып, окуя болгон жерде каза тапкан. Окуя болгон жерге департаменттин жетекчилиги жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барган. Текшерүүнү Базар-Коргон РИИБи жана Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button