Коом

Камчыбек Ташиевдин сөзүн бурмалаган “КЛООП” сайты жоопкерчиликке тартылышы керек

Жакында Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылында курула турган жаңы төрөткананын капсуласын курууга катышып, аялдарды куттуктап, жылуу сөздөрүн айткан эле.  Ташиевдин айтканын манипуляциялап, тескери жагына буруп жазган “КЛООП” сайтына коомчулукта нааразычылык жаратты.  Бул тууралуу журналист Өткүрбек  Рахманов да пикирин социалдык тармакка жазды:

«Клооп» сайтында Камчыбек Ташиевдин сөзүн атайылап бурмалоо, анын арты менен Камчыбек Кыдыршаевичти каралоо аракети көрүлгөнүнө күбө болдук.

Ал «адам укуктарын сыйлоолучулар», Камчыбек Ташиевдин Сузак районундагы жаңыдан курулуп баштаган төрөт үйүнө капсула салуу аземинде «…кыз келиндерибизди, эже-карындаштарыбызды, эне-апаларыбызды сыйлашыбыз керек, ошондо гана күчтүү мамлекетке айланабыз…» деген тариздеги сөзүндө, «кыздарды инкубатор катары сыпаттады, төрөбөгөн кыздарды басмырлады…» деген өңүттө жарыялап, «талдап» беришти. Бул албетте, сөздүн маани маңызын түздөн-түз бурмалоо жана жеке кызыкчылыктары (бул учурда Камчыбек Ташиевди каралоо кызыкчылыгы даана байкалып турат) үчүн коомчулукта терс пикир жаратуу аракети катары бааланат.

Камчыбек Ташиевдин сүйлөгөн сөзүн дагы бир ирет жакшылап угуп, кайсыл жерде «төрөгөн гана кыз-келиндерди сыйлап, төрөбөгөндөрдү кордошубуз керек…» дегенин таап көрүңүздөр.

«Клооп» сайтынын бул жоругу даана калп жана маалыматты манипуляциялоо экенин, бул үчүн жоопкеричилик каралганын унутпоого чакырабыз», — деп жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button