Коом
«Орто-Токой» суу сактагычына 1,2 млн чабак кое берилди

Сига-лудога балыгынын чабактары Тоң районундагы балык өстүрүүчү ишканада чоңойтулган.
Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган.
Бирок бул жерден каалаган учурда балык кармай берүүгө уруксат берилбейт. Ишкана берген билет менен гана тийиштүү көлөмдө улоого болот.
@abal-kg



