Окуялар
Боом капчыгайында үч унаа катышкан кырсыктан үч адам жаракат алды
Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа, Hyundai Sonata жана Ford Focus катышкан кырсык болду.
Анын кесепетинен үч адам жаракат алды, деп Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирет.
Кырсык 22-ноябрда саат 16:30да Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 134-чакырымында болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, чыгыш тарапка кетип бараткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, жолду бөлүүчү тосмого урунуп, каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai Sonata жана Ford Focus менен кагышкан.
Жабыркаган үч адам Кемин райондук оорукaнасына жеткирилди.



