Окуялар

Бишкекте издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерлеринен качууга аракеттенди

Бишкекте милиция кызматкерин автоунаанын капотунун үстүндө 50–100 метрдей аралыкка сүйрөгөн эркек киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, 20-ноябрда саат 17:50 чамасында милиция кызматкерлери «Коопсуз шаар» видеокамералары аркылуу 1998-жылы туулган жаран Н. Э.нин жүргөн жерин аныкташкан.

Эркек киши 12-ноябрдан тарта Бишкектин Ленин районунун милициясы тарабынан шылуундук кылууга шектүү катары издөөдө жүргөн.

Аны Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде токтотууга аракет кылышкан, бирок ал Subaru Legacy автоунаасын айдап, «ЦУМ» соода борборунун унаа токтоочу жайынан чыгып, Киев көчөсү боюнча батыш тарапты көздөй кетүүгө аракеттенген. Ошол эле учурда шектүү милиция кызматкерлерин автоунаанын капотунун үстүндө 50–100 метрдей аралыкка сүйрөп барып, андан кийин токтогон.

Эркек киши кармалып, райондук милицияга жеткирилген.

Болгон окуяга байланыштуу бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук колдонуу боюнча өзүнчө иш козголду.

Аталган иштин алкагында Н.Э. убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Териштирүү уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button