Коом

КНУда соттук экспертиза жана санариптик технологиялар талкууланды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн «Кылмыш процесси жана соттук экспертиза: санариптештирүү доорундагы өз ара аракеттенүү маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.


Илимий форум Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана Азербайжандын окумуштууларын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн жана тажрыйбалуу юристтерин бириктирди. Талкуунун негизги темасы санариптик технологиялардын кылмыш процессин жана соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө тийгизген таасири болду.

Пленардык отурумда Баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар башкармалыгынын башчысы Жанарбек Мамытов жана Документтердин техникалык экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Тилек Самудинов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Конференцияга ошондой эле Кол жазма экспертизалар башкармалыгынын башчысынын орун басары Мерлан Адылбеков жана Компьютердик-техникалык жана фоноскопиялык экспертизалар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Канымет Молдоташов катышышты.

Соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрүнүн баяндамалары өзгөчө кызыгуу жаратты. Жанарбек Мамытов сот өндүрүшүндөгү соттук эксперттин укуктук статусу тууралуу баяндама жасады. Ал эми Баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар башкармалыгынын алдыңкы эксперти Михелина Исмаилханова кылмыш процессинин катышуучусу катары эксперттин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кепилдиктери, ошондой эле жасалма интеллектти колдонуунун процессуалдык аспектилери боюнча сөз сүйлөдү.

Конференциянын жүрүшүндө санариптик далилдерди жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу, компьютердик-техникалык экспертизанын өзгөчөлүктөрү, санариптик издерди аныктоо жана эксперттик корутундулардын аныктыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле соттук эксперттин процессуалдык көз карандысыздыгы жана эксперттик мекемелердин кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн органдары менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Конференциянын иши кылмыш-жаза процессин санариптештирүүгө жана заманбап технологиялык чакырыктардын шартында соттук экспертизаны өнүктүрүүгө арналган эки тематикалык секцияда уланды. Талкууларга окумуштуулар, адистер жана юридикалык багыттагы студенттер да катышты.


Тектеш кабарлар

Back to top button