Коом
Москвада орус тили боюнча эл аралык олимпиадада жеңген беш кыргызстандык сыйланды

Олимпиадага КМШ өлкөлөрүнөн 7–9-класстын 3 миңден ашуун окуучусу катышкан. Жалпысынан 25 окуучу жеңишке жетип, алардын бешөө кыргызстандык болду.
Алар — Василина Доронкина, Асад Дусбутаев, Артур Касымов, Сауле Абдыкайыпова жана Дамиан Кылычев.
Сыйлоо аземинде окуучулар Кыргызстанды тааныштырып, Ысык-Көл жана өлкөнүн таланттуу инсандары тууралуу айтып беришти.



