Коом
23-мартта Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат

Эртең, 23-мартта саат 08:00дөн 17:00гө чейин Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам Кант–Ивановка перегонунун 3800- чакырымындагы (Люксембург айылы, Советская көчөсү) кайтарылбаган темир жол өтмөгүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.
«Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды. Айланма жол 3802-чакырымы (Панфилов) боюнча жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.



