Окуялар
УКМК: 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды — ФОТО

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 18-мартында Баткен-Раззаков унаа жолунда (Баткен районунун Ак-Татыр айылы) Лейлек районунун 1984-жылы туулган Н.Б.Н. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 03KG 952A BF мам. номерлүү автоунаа токтотулган.
Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана кармалган жүк “Орто Боз” чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылды.
Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.









