Коом

Баткенде аткезчилик менен келген жер семирткичтер аныкталды

Баткен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси  (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында 2024-жылдын 31-январында экономикалык аткезчиликке каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу максатында аткарылган иш аракеттеринин жыйынтыгында, Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде 20 фут контейнерде Өзбекстан Республикасынан аткезчилик жолу менен Баткен облусунун аймагына алынып келинген жер семирткичтер аныкталып, алынды.
      Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 518 кап (болжол менен 26 тонна) чыккан жер семирткичи Баткен шаарынын 43 жаштагы К.Ага таандык экени аныкталды.
      Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button