Чолпон Орозобекованын терроризм, ИГИЛ тууралуу жазылган илимий китебинин бет ачары өтөт

Эртең, 28-мартта белгилүү журналист, коомдук ишмер Чолпон Орозобекованын “Foreign Fighters and International Peace” аталышындагы илимий китебинин бет ачаары өтөт.
Бул иш чара Бишкекте ОБСЕ академиясында өтүү пландалууда. Китептин мазмунун талкуулоочу эксперт катары илимдин доктору, профессор Эмилбек Жороев катышат. Талкууну илимдин доктору Елена Ширукшина алып барат.
“Презентация англис тилинде болот. Иш чарага терроризм, ИГИЛ жана чет элдик согушчандар темасына кызыккандарды чакырабыз,” — деп айылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Чолпон Орозобекова “Булан” инстититунун негиздөөчүсү. Бул институту Кыргызстандагы диний билим берүү маселелери, медреселер, мектептердеги көйгөйлөр тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жүргүзгөн.
Учурда “Булан” институту ишмердүүлүгүн Щвейцарияда улантууда.



