Коом

УКМК: Таласта Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөнгөндөргө айып салынды — ВИДЕО

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Мыйзамсыз диний топту уюштуруу») фактысы аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, ушул жылдын 26-мартында Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарынын арасында Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен аталган чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн эскертүү менен административдик айып салынды, — деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button