Коом

УКМК: 2 миллион сомго жакын контрабандалык жүк ташыган унаа кармалды

2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын С.С.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “40920РА” мамлекеттик номурлуу унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч (Өзгөн)  түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна (болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын) контрабандалык жүк табылган.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button