Коом

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды

Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Мурдагы чектөө 1-апрелге чейин киргизилген болчу. Анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

«Ала-Тоо» аянты;

Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;

Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында;

Панфилов паркында;

Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;

Жогорку Соттун алдында;

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;

УКМК имаратынын жанында.

Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button