Коом

Камчыбек Ташиев «Альфанын» 32жылдыгы менен куттуктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматынын жоокерлерин аталган кызматтын түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.

Ал бир күн мурун, 27-октябрда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы аскер кызматкерлерин куттуктоо аземине катышты. Иш-чара УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгында болгонун Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы өз сөзүндө «Альфа» атайын бөлүгү улуттук коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү роль ойноорун жана анда кызмат өтөө аскер кызматкерлери үчүн өзгөчө сыймык экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button