Окуялар

Нарында катуу жаан жаап, айрым турак жайлардын ичине суу кирди

Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече көчөлөрдү, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.

Шаардын Ак-Коргон аймагындагы коктулардан түшүп, Чоң-Таш 1, Чоң-Таш 2, Тогуз-Булак, Жаштык, Акыйкат, Рыскулов, Чыргайлуу, Бейшеналиева көчөлөрүн каптап, айрым турак жайлардын ичине суу кирип, короолорун каптаган. Учурда Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жетектеген жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button