Коом

УКМК: 33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алды — ВИДЕО

2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант К.К. Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды. 

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Көрүлгөн чаралардын негизинде, 33 жаштагы М.А.Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тармагында)  жасаган.

1990-жылы биологиялык ата-энелери М.А.Чернышовду Октябрь райондук  балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күн ичинде аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.

Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button