Коом

Синтетикалык баңгизат сатып кармалган жаран 13 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту баңгизаттарды жана психотроптук заттарды тараткан деп айыпталган баңги сатуучуга карата өкүм чыгарды.

Сот 1989-жылы туулган И.К. аттуу жаранды күнөөлүү деп таап узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратты.
Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен ал жаран күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылды.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан Республикасынан баңгизатын ташууга биздин жарандарды тартып жаткан трансулуттук баңги тобун аныктоо максатында атайын операция жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1989-жылы туулган И.К. аттуу жаран кармалып, жашырын жерден баңгизатын алып жаткан жеринен салмагы 1 кг ашуун болгон «марихуана» салынган баштык табылган.

Кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү иштеринин жүрүшүндө Чүй облсунун айылдарынын биринен атайын жашырын жерге катып белгилөө үчүн колдонгон магниттик аппараттар табылып алынган.

Андан соң, Чүй облусунун Садовое айылына жакын жерде жайгашкан жашырын жай аныкталып, анын ичинен 500 грамм салмактагы «Мефедрон» психотроптук заты да табылып алынган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарандарга эскертет! Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар кылмыштын оор түрү болуп саналат. Баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн 10 жылдан ашык эркининен ажыратылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button