Коом
«Бала ырысы»: Алгачкы төлөмдөр бүгүндөн тарта бериле баштайт

Бүгүн, 4-августтан тартып, 3 жашка чейинки балдар үчүн жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага айына 1 миң 200 сомду түзөт.Төлөмдөрдү июль айында арыз берип үлгүргөн ата-энелер алышат. Каражатты «Элдик Банк» жана «АБанк» аркылуу алууга болот.
Документтерди кабыл алуу 1-июлда башталган. Жарандардын басымдуу бөлүгү арыздарын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырган.
Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы программага ылайык 3 жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейин бала жөлөкпул алууга укуктуу.



