Коом
Ала-Арча паркында конок үйлөр курулат. Инвестор жер аянтчалары менен таанышты

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында быйыл конок үйлөрдү куруу пландалууда. Бул максатта өлкөгө инвесторлор келе баштады.
Туризм департаментинен билдиришкендей, департаменттин башчысы Самат Шатманов жана парктын жетекчилиги кызматкерлер менен биргеликте инвесторго жер аянтчаларын көрсөтүп чыгышкан. Билдирүүдө инвестордун ким экендиги тууралуу кошумча маалымат айтылган эмес.
Курулушу пландалган конок үйдүн ичинде туристтер үчүн маалыматтык борбор, тамактануучу жай, намазкана, сувенирлерди келген конокторго сунуштоочу атайын жайлар болот.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өткөн жылы парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштерине аягына чыккандыгын айтып, быйыл конок үйү куруларын билдирген болчу.



