УКМК: Оштун 2 тургуну диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмунун идеологиясынан баш тартышты — ВИДЕО

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) жана эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүүнү улантууда, бул уюмдардын мүчөлөрүн радикалдык-экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.
2023-жылдын 12-апрелинде А.Р.А. аттуу жарандын «ХТИ» диний- экстремисттик уюмунун (ДЭУ) жана М.Ф.Х. аттуу жарандын эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) идеологиясынан баш тартуусуна чейин алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Бул иш-чаралардын жүрүшүндө аталган адамдар «ХТИ» ДЭУ жана «ИГ» ЭТУнун радикалдуу-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, тыюу салынган уюмдарга мындан ары мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.



