Эр азаматтарды эл душманына айланткан советтик тарых

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин көптөгөн мурдагы советтик республикалар Советтер доорунда жалаң коммунисттик баалуулуктар менен изилденип келген тарыхка башкача көз караш менен карай башташты. Убагында улуу адамдар жалган-жалаа менен эл душманы атыгып, атылып, айтор эгемен эңсеген эр азаматтарга каршы катуу күрөш жүргөн. Бул макалада Казакстанда көз карандысыздык үчүн күрөштүн башатында турган саясатчы жана демократ Мустафа Шокай тууралуу кеп кылабыз.

Мустафа Шокай 1890-жылы декабрда Кызылордо (Кызылорда) шаарына жакын казак кыштагында туулган. Анын ата-бабалары казак тектүү үй-бүлөсүнөн чыккан ак сөөктөр болгон – Мустафанын чоң атасы Хива хандыгынын Сырдарыя облусунун башкаруучусу, атасы эл сыйлаган казы болгон. Жаш кезинде ата-энеси аны Ташкенттеги гимназияга окууга жиберип, андан кийин эң мыкты окуучу катары Мустафага алтын медаль тапшырылган. Муну билип калган Түркстан генерал-губернатору Самсонов башка славян бүтүрүүчүсүнө алтын медалды берүүнү буйруйт. Бирок ал чынчыл болуп, сыйлыктан баш тартып, Шокай бут тосууга карабастан татыган медалын алат… Кийин Мустафа Шокай Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Башат…
1907-жылы орус падышасы Николай II жарлыгы менен Сибирдин жана Орто Азиянын жергиликтуу элдерин шайлоо укугунан ажыраткан кезде эле, Шокай падышалык Россияда казак элинин таламдарын коргоо боюнча активдуу ишин баштаган.
1917-жылы апрелде Мустафа Ташкентте өткөн коомдук уюмдардын Түркстан съездине катышкан. Анда Түркстан улуттук кеңеши түзүлүп, Туруктуу аткаруу комитетинин төрагалыгына 27 жаштагы Мустафа Шокай шайланып, Түркстан автономиясын жетектеген. Бирок большевиктер бийликке келип, Ташкен алардын колуна өткөндөн кийин, Мустафа Шокай жана анын шериктери Фергана өрөөнүндө, Кокон хандыгынын мурдагы борбору Кокондо өз ишмердүүлүгүн уланта беришкен, ал жерде антибольшевиктерге каршы катуу маанай сакталып турган. Кокон өкмөтү 1918-жылдын март айында жалпы түз, тең жана жашыруун шайлоо укугунун негизинде парламентин чакыруу ниетин билдирген. Парламенттеги орундардын үчтөн экиси мусулман депутаттарга, үчтөн бири мусулман эместер үчүн болгон. Мындай парламенттин болушу Түркстанды демократиялаштыруу жолундагы биринчи кадам болушу керек эле. Айтмакчы, ошол эле мезгилде Ташкентте тузулген Түркстан Советтик Республикасынын өкмөтүндө анын 14 мүчөсүнөн түпкү элдерден бир дагы өкүл болгон эмес.
1918-жылдын январында ультиматумга жооп кылып, Шокай Советтердин бийлигин таануудан баш тарткан. Түркстан автономиясын талкалоо үчүн Москвадан Ташкенге 11 эшелон аскерлери жана замбиректери келип, андан соң Коконду басып кирип, үч күндүн ичинде байыркы шаарды толугу менен талкалап, тоноп кетишкен. Түркстан автономиясынын калкынын талкаланышына жана массалык каракчылыгына жооп кайтарган күчтүү улуттук-боштондук партизан кыймылы большевиктер тарабынан басмачылар деп аталып, 30-жылдары гана Совет өкмөтү тарабынан жоюлган.
Совет бийлигинен качып жүрүп, жубайын жолуктурат…
Мустафа Шокай чатак учурунда араң качып, Ташкентке тымызын кирип, эки ай мыйзамсыз жашап, дал ошондо эски таанышы актриса Мария Горинага жолугуп, 1918-жылы апрель айында ага үйлөнөт.

Бирок Совет өкмөтү Мустафанын артынан калбай издеген. Ошондуктан 1921-жылы Тифлис, андан соң Стамбул аркылуу Францияга эмиграцияланып, Париждин түштүк четиндеги Ножент-сюр-Марн шаарына отурукташкан. Бир катар европалык тилдерди билүү Шокайга Парижде, Лондондо, Стамбулда, Варшавада презентацияларды жана аналитикалык баяндамаларды жасоого мүмкүндүк берген. Ар тараптуу саясий ишмердүүлүктүн жана чоң эрудициянын аркасында Мустафа Шокайдын Европадагы бедели абдан тез өскөн. Ал Польшанын, Франциянын жана Германиянын бийликтеринин, ошондой эле ар кандай европалык уюмдар менен мекемелердин колдоосуна ээ болгон, бирок ошол эле учурда мекени менен байланышын үзгөн эмес.
Европанын саясий чөйрөлөрүндө антисоветтик көз караштагы мындай белгилүү адам Чыгышта чоң пландары бар нацисттердин көңүлүн бурбай коё алмак эмес. Шокай 1933-жылы Берлинге Чыгыш Рейх министерствосунун саясий бөлүмүнүн башчысы доктор Георг Леиббрандт менен жолугушууга чакырылган.
Ошондо бийликке келген Гитлер Советтер Союзун басып алуу планын түзүп, акырындап ага даярдык көрө баштаган.
Советтер Союзуна кол салган күнү, 1941-жылдын 22-июнунда фашисттер Парижде СССРден келген бардык көрүнүктүү эмигранттарды камакка алып, Компьен сепилине камап салышкан. Шокай да ошол жерде болчу. Үч жумадан кийин аны Берлинге алып барып, тартып алууну плардаштырган Түркстан легионуна жетекчилик кылууну сунушташат. Немистер Шокайдын абройуна ишенишкен. Легион советтик аскерлерге каршы Чыгыш фронтундагы салгылашууларда немис бөлүктөрү жарым-жартылай алмаштырууга тийиш болчу. Шокай бул лагерлердеги жердештеринин шарттары менен таанышууну талап кылып, анда тикенек зымдардын артында кармалган азиялыктардын жашоо шарттарына таң берген.
1941-жылдын күзүндө Сувалки, Вустрау жана Честохова концлагерлерине баргандан кийин Мустафа Үчүнчү рейхтин тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентропка кат жазган, анда мындай саптар бар:
«… Гете, Фейербах, Бах, Бетховен, Шопенгауэр өңдүү генийлерди тарбиялап өстүргөн элдин туткундарга жасаган мамилесин көрүп, Түркстан легионуна жетекчилик кылуу сунушун кабыл албайм, кызматташуудан баш тартам. Мен чечимимдин бардык кесепеттерин билем».
Ал күткөндөй эле жооп абдан тез келди. Шокайды колдонуу мүмкүн эмес экенин түшүнгөн Германиянын жетекчилиги аны четтетүүнү чечет. Гитлер 1941-жылдын 22-декабрында Түркстан жана башка улуттук легиондорду түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон учурда Шокай Берлиндеги Виктория госпиталында оор абалда жаткан (ууланганы айтылат), ал эми 1941-жылдын 27-декабрында ал каза болот.
Бирок советтик идеологиялык машина ал өлгөндөн кийин да аны менен күрөшүн улантып, аны фашист, чыккынчы катары каралаган. Тарыхчылар жана илимпоздор бир кезде Мустафа Шокай жашап жана иштеген Франциянын, Германиянын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн архивдерин көп жылдар бою кылдат изилдеп, бул божомолдорго эч кандай далил жана ырастоо таба алышкан эмес. Анын нацисттик Германия менен кызматташтыгы жана «Түркстан легионун» түзүүгө катышкандыгы эч кандай документте табылган жок. Окумуштуулар Мустафа Шокайдын атын эч нерсе булгабайт дегенге бир добуштан макулдугун билдиришкен.
Мустафа Шокай каада-салт боюнча Берлиндеги мусулмандар көрүстөнүнө, түрк элинин эң көрүнүктүү инсандары коюлган мечиттин короосуна коюлган. Франциянын Ножан-сюр-Марн шаарында Мустафа Шокайдын элесине дубал ачылып, эстелиги тургузулду. Парижде анын ысымы кооз шаар аянтына ыйгарылган.

Макала nuz.uz сайтынан алынып которулду. Автору Руслан Абдрахманов



