Коом
Ат-Башыда картошканын баасы 5-6 сом деген маалымат чындыкка дал келбейт

Интернетте Ат-Башы районунда картошка килограммы 5–6 сомдон сатылып жатканы тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда жергиликтүү жаңы түшүмдүн картошкасы али быша элек. Ошондуктан райондогу соода түйүндөрүндө Бишкектен алып келинген картошка сатылууда.
Бүгүнкү күндө Ат-Башы районунда картошканын чекене баасы килограммына 35–40 сомду түзөт. Ал эми картошка 5–6 сомдон сатылып жатат деген маалымат тастыкталган жок.
Министрлик жарандарды расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды.



