Жыргалаң жана Сары-Жаз жолдорун курууда мамлекетке 171 миллион сом зыян келтирилген

Башкы прокуратура Ысык-Көл облусунда жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды аныктады. Мамлекетке келтирилген чыгым 171 миллион сомдон ашкан.
Көзөмөл органынын маалыматына караганда, №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын кызматкерлери, ошондой эле «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» лыжа базасына баруучу жолду куруу жана Түп районундагы Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолуна шагыл төгүү иштерин аткарууга «Д.Т.» ЖЧКсын тарткан.
Текшерүүдө компаниянын квалификациялык талаптарга жооп бербегени, мындай иштерди аткаруу боюнча тажрыйбасы жоктугу, ошондой эле керектүү каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбогону аныкталган.
Ошого карабастан, компаниянын эсебине бюджеттен ири суммадагы каражаттар которулган. Бирок келишимдердин аткарылышын камсыз кылган кепилдиктер жана иштер чындыгында аткарылганын ырастаган документтер болгон эмес.
Тергөө версиясы боюнча, компания алган акчаларды жол курууга байланышпаган башка максаттарга жумшаган.
Бул факт боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенилип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу» беренелери менен эки кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.



