Коом
Депутаттар Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы инженердик иштер менен таанышты

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы инженердик курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, парламент өкүлдөрү чек араны бекемдөө мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, курулуш иштерине катышып жаткан аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Иш сапардын алкагында Ак-Суу айылындагы инженердик жумушчу топтордун мүчөлөрүнө Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.



