Коом

Имамидин Ташовдун “KG Групп” компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылышы мүмкүн

Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев бул маселе каралып жатканын билдирди. 

Бишкекте компаниянын 9 объектиси бар, анын үчөө экспулатацияга берилген. Бешөө реестрде курулуп жаткан үй катары турат, бирок иш жүзүндө адамдар кирип алган. 

“Компаниянын шалаакылыгынан ошол жакта жашап жаткандар свет, суу, жылуулугун коммерциялык тарифте төлөп жатат. Имамидин Ташов кыйын бизнесмен болсо таштап кетпей, ишин аягына чыгарбайт беле. “Патриотмун” деп жатат, бирок ал бала бакча салам деп жер алып 12 кабат үй куруп салган. Иш козголгондон кийин мэрияга 52 млн. сом төлөп берди”, — деди Орунтаев “Биринчи радиого” берген маегинде. 

Ал дагы бир турак жайы мыйзамсыз курулганын кошумчалады. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button