Коом

ВИДЕО: Ысык-Көл областтык милициянын жетекчилиги эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Жер-жерлерде, анын ичинде көп жылдар бою калк арасында чечилбей келген көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте аларды жеринде чечүү боюнча иштерди жүргүзүү максатында, Ысык-Көл облустук ИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен милициянын көчмө кабылдамасында жарандарды кабыл алуу үчүн аймактарды кыдырып чыгууда.

Милициянын көчмө кабылдамасынын биринчи иш сапары Ак-Суу районунда болду. Облустук милициянын жетекчисинин орун басары Акылбек Бекишев жана райондун акиминин орун басары Гүлзат Суранчиева райондук калкты тейлөө борборуна барып, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү иштери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле райондун борборунан алыс жайгашкан калктуу пункттарда да болушту.

Жарандарды кабыл алуунун жүрүшүндө алар социалдык жана укуктук тартип маселелерин угуп, талкуулашты. Жарандарды кызыктырган бардык суроолорго толук жооптор берилди. Жергиликтүү тургундардын айрым маселелери жер-жерлерде чечилип, бул өз кезегинде жергиликтүү тургундардын маселелерин кошумча убакытты коротпой чечүүгө өбөлгө түздү.

Эл менен жолугушуу учурунда Акылбек Бекишев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Анткени, көчмө экипаждын ишинин аркасында коомдун коопсуздук деңгээлин, кайрылууларды кароодо ыкчамдуулукту жогорулатууга, ошондой эле калк менен байланышты активдештирүүгө мүмкүн болду.

Мындай жолугушуулар жана жарандарды кабыл алуу Ысык-Көл облустук ИИБдин жетекчилиги тарабынан облустун башка аймактарында да өткөрүлмөкчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button