Коом

Жалал-абад облусунда билим берүү жетекчилери кызматтан кетет

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад облусундагы билим берүү маселелери боюнча өткөн көчмө коллегияда 2022-жыл үчүн Жалал-Абад облусунун жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли канааттандырарлык эмес деп табылды. 

Көчмө коллегиянын жүрүшүндө коллегия мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөнүн статистикалык маалыматтарын талдоо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, бир катар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо токтомун чыгарды.

Ноокен, Токтогул райондук, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги (кызмат орду) каралып, Сузак (Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген мезгилдеги ишмердүүлүгү), Чаткал райондук, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларына катуу сөгүш,  Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларына эскертүү берилет.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн 26 мектептин директорунун жоопкерчилигин карайт:

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button