Өлкөдө спиртти мамлекет гана чыгарат, менчик заводдордун баары жабылды

Кыргызстанда этил спиртин чыгарган төрт жеке менчик завод жабылды, мындан ары бир гана «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынан өндүрүлөт. Бул тууралуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов билдирди.
Ал бүгүн парламентке этил спиртине мамлекеттик монополия киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун алып келип, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Өлкөдө канча менчик спирт заводу бар эле?
Токтогуловдун айтымында, Кыргызстанда жалпы беш спирт заводу иштечү, учурда төртөө жабык турат. Бир гана мамлекетке караштуу «Кара-Балта спирт заводу» иштеп жатат. Жабылгандардын экөө Токмок жана Сокулукта жайгашкан «Аюу» компаниясына тиешелүү болчу. Дагы бири Москва районунда иштеп турган. Баарына Кыргызстан жарандары ээлик кылган.
Чет өлкөдөн этил спиртин импорттоого тыюу салынды, алкоголдук продукцияларды гана алып келсе болот.
Мындай иштер президенттин былтыр декабрда чыгарган жарлыгынын негизинде жасалууда. Эми мыйзам аркылуу бекемдөө үчүн долбоор иштелип чыккан.
Канча адам жумушсуз калды?
Агенттиктин директору жабылган ишканаларда 400гө чукул адам эмгектенип келгенин айтты. Ал заводдордун ээлери модернизация кылып, өндүрүшүн башка тармакка которууга аракет кылып жатышат. Болбосо дистиллятор чыгарганга өтүшөт.
Жеке менчик заводдор эмне үчүн жабылды?
Спиртти көзөмөлдөгөн агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2013-жылы 1,5 миллион декалитр спирт чыгып турган, бирок 2020-жылы 325 декалитр болуп, өндүрүш беш эсе түшүп кеткен. Анализдеп көргөндө 2 миллиарддан ашык декалитр спирт көмүскөдө жүргөнү аныкталган. Ушундан улам президенттин жарлыгы чыгып, этил спиртин мамлекет гана чыгара баштаган.



