Коом

Эгер Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалары айтылды

Эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат, -деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook’тагы баракчасына билдирүү калтырып.

«Урматтуу эл-журт!

Кечээ Конституциялык соттун К.Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок.

Конституциялык сот көз карандысыз.

К. Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат.

Ошондуктан эгер К. Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button