Окуялар

«Ала-Арчада» 14 жаштагы өспүрүм жоголду. Жакындары жардам сурашууда

2011-жылы туулган Амир Кунакунов изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары 9-ноябрда «АКИpress» редакциясына билдиришти.

14 жаштагы өспүрүм 7-ноябрда жоголгон. Болжол менен эртең мененки саат жетиде ал «Ала-Арча» улуттук паркындагы жарышка бара жатканын айтып, үйдөн чыккан. Жашына байланыштуу аны жарышка киргизбей коюшкан, андан кийин ал өз алдынча Адыгине капчыгайы тарапка жөнөп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 14:00дө аны «Электро» унаа токтотуучу жайынан көрүшкөн. Саат 19:00-20:00 чамасында ал ӨКМге телефон чалып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

8-ноябрда издөө иштерине ӨКМдин кызматкерлери жана альпинисттер кошулган. Анын рюкзагы акыркы жолу телефон чалган жерден алыс аймактан табылган.

Ошондой эле 8-ноябрда саат 05:05те өспүрүмдүн телефону Аламүдүн районунун Восток айылында сигнал бергени тууралуу маалымат түшкөн. Андан кийин изи жоголгон.

Кийген кийимдери: кызыл куртка, сыя түстөгү шапка, кара жеңсиз күрмө. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм күңүрт куртка кийип алган болушу мүмкүн.

Жанында бир аз сынган, түркүн түстүү чехолу менен «Redmi 11» телефону бар.

Болушу мүмкүн болгон жерлер: Ала-Арча, Адыгине капчыгайы, Восток айылы.

Баланы көргөндөрдөн же кандайдыр бир маалыматы барлардан жакындары төмөнкү номурга кабарлап коюуну суранышат: 0500 871 171.

Тектеш кабарлар

Back to top button