Коом
“Жеңиш кубогу-2023”: Көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Ташиев катышты

Бүгүн, 3-май күнү Жалал-Абад облусундагы “Телтору” ат майданында өтүп жаткан “Жеңиш кубогу-2023” республикалык мелдешине арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Эралиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев катышты.



