Коом
Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтөт

Иш-чаранын максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукцияларын сатууга шарт түзүү.
Бишкек шаарында 27-28-январь күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жарманке саат 08:00дөн 18:00гө чейин болот.Иш-чаранын максаты – ата мекендик өндүрүүчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукцияларын сатууга шарт түзүп, шаар тургундарына азык-түлүктөрдү дүң баада жеткирүү.
«Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып толук маалымат алса болот», — дешти министрликтен.



