Коом
Бишкекте президенттин катышуусунда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленүүдө

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев, депутаттар жана коомдук ишмерлер катышууда.

Белгилей кетсек, демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.



