Коом
Ошко Москвадан «Өчпөс оттун» бөлүкчөсүн алып келишти

«Эскерүү оту» деп аталган салтка айланган эл аралык акцияга Кыргызстан да катышып келет. Оттун бөлүкчөсү Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн алынган. Бүгүн Ош шаарындагы Өчпөс оттун алдында митинг-реквием өтүп, аны жандыруу жана башка шаарларга өткөрүп берүү иш-чарасы болот.
Мындай акция Бишкекте 7-майда өтөт.




