Коом
Бишкекте бир жумада 45 мас айдоочу кармалды
2021-жылдын 27-августтан 2-сентябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 395 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:
— мас абалында автоунаа башкаруу — 45;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 7;
— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 41;
— жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу — 1;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 4261. Ар кандай эреже бузган 327 автоунаа айып короо жайына токтотулду.



