Коом

Депутат мас абалында унаа айдагандарга 100 миң сом айып салууну сунуштоодо

Депутат Эрнис Айдаралиев мас абалында унаа башкаргандарга — физикалык жактарга 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салуу сунушун көтөргөн мыйзам долбоорун демилгеледи.

Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Анда көрсөтүлгөндөй, депутат мындай мыйзам бузууга барган юридикалык жактарга 200 миң сом айып төлөтүү керек деп эсептейт.

Учурда мас абалында унаа айдагандар бир жылга айдоочулук укугунан ажыратылат. Ал эми Айдаралиев бул жазаны айыппул менен алмаштырууну ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, ИИМ статистикасына ылайык, 2023-жылы 7810 айдоочу унааны мас абалында айдаганы үчүн айдоочулук укугунан бир жылга ажыратылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button