Саясат

Садыр Жапаров: Эл арасына дүрбөлөң салууга аракет кылгандар катуу жазаланат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоого тартылган күч түзүмдөрүнүн гарнизондук сапка туруусунда сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы тышкы күчтөрдүн таасирине алдырып, алардан акча алып, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жана эл арасына дүрбөлөң салууга аракет кылгандарды катуу жазалоону талап кылды.

«Биздин арабыздагы тышкы күчтөрдүн таасирине алдырып, алардан акча алып, өлкөнү чайкап, эл арасына дүрбөлөң салууну каалаган саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек. Мындайларга ырайым болбойт», — деди Садыр Жапаров.

Президент өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги шарттарынын бири «темирдей тартип» экенин белгилеп, күч түзүмдөрүнөн жогорку кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти талап кылды.

Анын айтымында, эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн «Коопсуздук» операциясы башталды. Күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, прокуратуранын, Салык жана Бажы кызматтарынын, Жаза аткаруу кызматынын, Чек ара кызматынын жана сот департаментинин 15 миң кызматкери тартылды.

Мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнө жарандардын жана чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыздап, коомдук жайларда жана иш-чаралар өтүүчү аймактарда мыйзам бузууларга жол бербөөнү тапшырды.

Ошол эле учурда ал кызматкерлерди жарандар менен сылык мамиле түзүп, кайрылган ар бир адамга ыкчам жардам көрсөтүүгө чакырды.

«Мындай өзгөчө шарттарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо — жөн гана күнүмдүк кызматтык милдет эмес, мамлекеттик маанидеги чоң жоопкерчилик», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент күч түзүмдөрүнө жаңы материалдык-техникалык каражаттар берилерин да билдирди. Ал алардын материалдык базасы чыңдалып, кызматкерлердин айлык акысы жогорулатылганын, социалдык колдоо кеңейтилгенин жана санариптик технологиялар киргизилип жатканын эске салды.

Тектеш кабарлар

Back to top button