Министрлик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алып барууга тыюу салынган буюмдарды эскертти

1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Иш-чарага миңдеген коноктордун келиши күтүлүүдө.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Оюндар өтүүчү аймакка айрым буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Алардын арасында:
курал-жарак жана ок-дарылар;
бычак, учтуу жана башка кооптуу буюмдар;
жарылуучу заттар жана пиротехникалык каражаттар;
күйүүчү, тез тутануучу жана химиялык заттар;
алкоголдук ичимдиктер;
айнек бөтөлкөлөр жана айнектен жасалган башка буюмдар;
лазердик көрсөткүчтөр;тиешелүү уруксаты жок дрондор жана башка учуучу аппараттар бар.
Бул талаптар биринчи кезекте көрүүчүлөрдүн, спортчулардын, коноктордун жана иш-чаранын уюштуруучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген.
Ошондуктан Оюндар өтүүчү жайга жөнөөр алдында сумкаңыздын ичин алдын ала текшерип, тыюу салынган буюмдар жок экенине ынаныңыз.



