Пайдалуу кеңештер

Окуучунун эртең мененки тамагы кандай болушу керек?

Мектеп окуучусунун эртең мененки тамагы окуу күнү бою энергиясы жетиштүү болуп, көңүл топтоосу төмөндөбөшүнө ылайык түзүлүшү керек. Бул тууралуу дарыгер-педиатр Дмитрий Казаков айтып берди.

Дарыгер окуучуга эртең мененки тамак даярдоодо «Гарвард тарелкасы» принцибин карманууну сунуштады. Диаметри 22–23 сантиметр болгон тарелканын жарымы клетчаткага бай азыктарга, төрттөн бири белокко, дагы төрттөн бири татаал углеводдорго бөлүнүшү керек.

«Углеводдорду тандоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Сулу, арпа, киноа же күрүч сыяктуу дан азыктарына артыкчылык берүү керек. Даяр глазурланган үлпөктөрдөн жана тез даярдалуучу ботколордон баш тартуу сунушталат. Анткени алар кандагы канттын деңгээлинин кескин өзгөрүшүнө алып келип, тез чарчоого себеп болушу мүмкүн», — деди адис.

Ал тең салмактуу эртең мененки тамактын бир нече вариантын сунуштады:

сыр, үндүк эти жана бадыраң кошулган дан азыгынан жасалган тост;

сууга бышырылган жумуртка жана мөмө-жемиштер кошулган узак убакыт бышырылган сулу боткосу;

сүт кошулган гречка боткосу жана канты жок табигый йогурт кошулган мөмө-жемиш салаты.

Тектеш кабарлар

Back to top button