Ведомстволор аралык күч түзүмдөрү ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга даяр

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун 26-саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч-каражаттардын гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн гарнизондук саптык кароого Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, ошондой эле коопсуздукту камсыздоого тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тартылган ведомстволордун жетекчилери коюлган милдеттерди аткарууга багытталган күчтөрдү жана каражаттарды тааныштырып, өздүк курамдын, атайын техникалардын жана транспорт каражаттарынын даярдыгы тууралуу маалымат беришти. Тартылган өздүк курамдын басымдуу бөлүгүн Бишкек гарнизонунун кызматкерлери менен катар өлкөнүн аймактарынан келген ички иштер органдарынын кызматкерлери түзөт.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров мындай өзгөчө шартта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу кадимки кызматтык милдеттен тышкары мамлекеттик маанидеги чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен тартипти, жогорку кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти талап кылды. Ошондой эле, гарнизондук бөлүштүрүүнүн башкы максаты — ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тартип бузуусуз, тынч жана коопсуз өткөрүү экенин белгиледи.


“Эң башкы принцип — тартип жана жоопкерчилик болушу шарт! Урматтуу тартип сакчылары, бул принциптерди бекем кармап, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде жана мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтө турган аймактарда коопсуздук эрежелерин камсыздап, укук бузууларга жана одоно тартип бузууларга жол бербеңиздер. Жарандарга сылык мамиле жасап, өтүнүч менен кайрылган ар бир жаранга жеринде, учурунда ыкчам көмөк көрсөтүү менен элге ак ниет кызмат кылыңыздар! Бардык күч түзүмдөрү өз-ара байланышты күчөтүп, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар! Министрликтердин, ведомстволордун жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өздүк курамдын тартибине катуу көңүл буруп, жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарылышын колго алыңыздар”, -деди Президент Садыр Жапаров.
Гарнизондук бөлүштүрүүгө Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, прокуратура органдарынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, салык жана бажы кызматтарынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 15 миңге жакын кызматкери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай бөлүмдөрдүн жана ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүнө, ошондой эле күтүүсүз жагдайларга ыкчам чара көрүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү объектилерде, расмий делегациялардын жүрүү маршруттарында жана эл көп топтолгон жерлерде күнү-түнү кызмат өтөшөт. Негизги милдет — коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана Кыргыз Республикасына келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык иш-чараларды жогорку уюшкандыкта өткөрүүгө зарыл шарттарды түзүү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жетекчилерге жана өздүк курамга тартылган бардык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн так уюштуруу, мүмкүн болгон жагдайларга ыкчам чара көрүү жана коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча милдеттер коюлду.
Гарнизондук саптык кароо масштабдуу эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коюлган милдеттерди аткарууга күчтөрдүн жана каражаттардын даяр экендигин тастыктады.



