Дин комиссиясы жер-жерлерде маалыматтык — профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2023-жылдын 10-майынан 22-июнуна чейин өлкөнүн бардык облустарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында ЕККУнун жана “Социалдык технологиялар агенттигинин” колдоосу менен коомдук диалогдор өткөрүлүүдө.
Коомдук диалогдор радикализм, экстремизм жана диний негизде келип чыккан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталып, жашы жетелек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо жана эрте турмушка чыгуунун алдын алуу боюнча катышуучуларга маалыматтар берилип, иш-чара мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, диний уюмдардын өкүлдөрүнүн, билим берүү жана коомдук уюмдардын, гендердик теңчилик, зордук-зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо менен алектенген активисттердин катышуусунда өтүүдө.





