Коом

Жер казынасын пайдалануудагы башаламандык кимге пайда? Жаратылыш министрлиги билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Жаратылышресурстар, экология жана техникалык көзөмөлминистрлиги «24.kg» маалымат агенттигинин2023-жылдын 1-мартында жарыяланган«Кыргызстандын серепчилери экологияны тоо-кен өндүрүшүнөн бөлүүнү сунуштоодо» («В Кыргызстане эксперты предлагают отделить экологию от горнорудки»деген макаласынажооп катары төмөндөгүлөрдү билдирет.

Тоо-кенчилер жана геологдорассоциациясынын башкармалыгынын президентиД. Камчыбековдун тоо-кен тармагы мененэкологиянын өзүнчө бөлүнүп иштөө зарылчылыгыжөнүндөгү билдирүүсү – өлкөлөрдүн экологиялыксаясатынын артыкчылыктуу багыты, жаратылыштысарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнчаазыркы замандын талаптарына туура келбеген терспозиция болуп саналат. Министрлик тарабынанмамлекеттик башкаруунун экологиялык-ресурстуксистемасы, башкача айтканда – комплекстүүмамиле ишке ашырылууда. Мындай чечимдинзарылдыгы жаратылыш ресурстарынынтүгөнүшүнүн жана айлана-чөйрөнүнбулганышынын өсүп жаткан тобокелдиктери жанакоркунучтары менен шартталган.

Бул көйгөйлөрдүн баары Кыргызстан үчүнактуалдуу: талкаланган жерлердин аянты, калдыктар, суу ресурстарынын булганышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн бузулушу өсүпжатат. Мындан тышкары, табигый капиталдынтүгөнүп кетиши экосистемалардын калыбынакелишине жол бербеген башкаруунунначардыгынан улам күчөгөн. Узак убакыт бою экология жана жер казынасын пайдалануутармактарында башкаруу төмөнкү органдартарабынан өзүнчө жүргүзүлүп келген: Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнчамамлекеттик агенттиги, Экологиялык жанаТехникалык коопсуздук боюнча мамлекеттикинспекциясы, Энергетика жана өнөр жайминистрлигине караштуу Геология жана жерказынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги. Мындай көрүнүш 90-жылдары түзүлгөнмамлекеттик экологиялык көзөмөл, жер казынасынкоргоо боюнча лицензиялык көзөмөл системаларынталкалап, жаратылыш ресурстарынын жоголушунажана экологиялык мыйзам бузууларына алыпкелип, жергиликтүү калктын нааразычылыгынжараткан.

Кырдаалды оңдоо үчүн 2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жаратылышресурстары, экология жана техникалык көзөмөлминистрлиги түзүлүп, ал көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн бардык жүгүн өз мойнунаалган.

Геология жана жер казынасын пайдалануумамлекеттик агенттиги Геология жана жерказынасын пайдалануу департаментине өзгөртүлүп, Энергетика министрлигинен өткөрүлүп берилген(актысы 31.01.2022-ж. кабыл алынган).

Геология жана жер казынасын пайдалануудепартаментинин ишмердүүлүгүнүн анализимурдагы экономикага жана өлкөнүн бюджетинезыян келтирүүгө алып келген коррупциялыктобокелдиктердин пайда болушу үчүн шарттартүзүлгөнүн көрсөттү. Тактап айтканда, жерказынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүнчегерилишине (эсептөөнүн тууралыгына) жанатөлөнүшүнө көзөмөл болгон эмес, жер казынасынпайдалануучулар менен салыштыруу актыларытүзүлгөн эмес. Лицензиаттардын маалымат базасытолтурулган эмес, жер казынасын пайдалануунулицензиялоо процессинин Административдикрегламенти иштелип чыккан эмес. Лицензиялооиштери жол-жоболоштурулган эмес(инвентаризация, барак номерлери жок), жоккочыгарылган лицензиялар боюнча иштер 2016-жылдан бери архивге өткөрүлбөй келген.

Буга байланыштуу азыркы учурда Жаратылышресурстар министрлиги жер казынасынпайдаланууда тартипти орнотуу боюнча чаралардыкөрүп жатат. Лицензиаттардын маалымат базасынтүзүү үчүн кызматкерлер бөлүндү, төлөмдөрдүсалыштыруу максатында пайдалануучуларгатийиштүү маалыматты жиберүү тууралуубилдирүүлөр жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө лицензия алуучулардын 60%дан ашыгы маалыматтардыберишти.

Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткансаясат өлкөнүн улуттук байлыгыКыргызстандын элинин менчиги болупсаналган жаратылыш ресурстарынжоопкерчиликсиз башкарууга көнгөнадамдардын кызыкчылыгына карама-каршыкелет. Ушундан улам мурдагы баш аламандыктыжана хаосту кайтаруу аракеттери жанданууда. Лицензиялык талаптардын аткарылышынкөзөмөлдөө жана лицензияларды жокко чыгаруупрактикасында көптөгөн тоскоолдуктар бар, булкөбүнчө экологиялык, өндүрүштүк жанафискалдык аспектилерде ар кандай мыйзамбузууларга алып келет.

Жаратылыш ресурстары министрлигиакырында бардык өзгөрүүлөр оң натыйжа берип, адамдын жашоосунун сапатына жана айлана-чөйрөнүн абалына оң таасирин тийгизиши үчүнмаксаттуу иштеп келе жатат.

Биз урпактарыбызды татыктуу жашоо үчүнжетиштүү ресурстар менен камсыз кыла тургансистеманы курушубуз керек. Ошондуктан, башталган иштин үзгүлтүккө учурашына жолбербөө, Кыргызстандын коргоого муктаж болгонжаратылыш байлыктарын сактап калуу – өтөмаанилүү. 

Коомчулук менен бирге айтылуу тармактыкөзөмөлдө максатында министр арыздарды кабылалууда, кароодо, лицензиялык документтердитариздөөдө жана берүүдө, лицензиялык иштердиэсепке алууда жана сактоодо, лицензиаттардыэсепке алууда, жер казынасын пайдалануу үчүнтөлөмдөрдүн чегерилүүсү жана төлөнүшүндө, жерказынасын пайдалануучулардын отчетторун угуп-макулдашууда мыйзам талаптарынын сакталышынизилдөө боюнча атайын комиссия түздү. 

Өлкөбүздүн бардык камкор, аң-сезимдүүжарандары жаратылышты коргоо тармагындагытазалык жана тартип үчүн болгон күрөштө биздиколдойт деп ишенебиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button