Коом
Бишкектеги Чүй проспектиси иретке келтирилип, кеңейтилет
29-майдан баштап «Бишкекасфальтсервис» төмөнкү иштерди баштайт:
🔹Чүй проспектисиндеги (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо, жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтип, унаа жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;
🔹Аялдаманы жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу, жол белгилерин кайра орнотуу. Чүй проспектисинин ылдый жагын — Курманжан Датка көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы) кеңейтүү;
🔹Чүй проспектиси боюнча шаардын түштүк тарабына жол ачуу.



